Коом

«Манас» аэропортунда эки расмий такси оператору пайда болот

«Манас» аэропортунда башаламан такси кызматын көрсөтүп жаткан айдоочулардын ишин чектөөгө мүмкүндүк берген система киргизилет. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.

Анын айтымында, жүргүнчүлөр аэропорттун кире беришинде тосуп алып, такси кызматын сунуштаган айдоочуларга байланыштуу көп даттанышат.

«Көптөгөн жарандар бизге мындай жагымсыз жагдайлар такси кызматын көрсөткөн айдоочулар менен болуп жатканын айтып кайрылышат», — деди Самидинов.

Маселени чечүү үчүн аэропортто «акылдуу унаа токтотуучу жай» системасы киргизилет. Андан кийин эки расмий такси оператору менен келишим түзүү пландалууда. Алар аэропорттун аймагында иштеп, жүргүнчүлөрдү ташый алышат.

Самидинов системаны 2026-жылдын аягына чейин киргизүү пландалып жатканын белгиледи.Так мөөнөт зарыл болгон инфраструктуранын даярдыгына жараша болот.

Тектеш кабарлар

Back to top button