Бишкек мэриясы «Бишкекгорлифт» кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүнү пландап жатат

Бишкек мэриясы муниципалдык «Бишкекгорлифт» ишканасында иштеген электромеханиктердин айлыгын жогорулатууну көздөп жатат. Бул тууралуу бүгүн шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын жыйынында вице-мэр Рамиз Алиев билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы лифттерди тейлөө үчүн ай сайын алынуучу тариф 1 чарчы метр батирдин жалпы аянтына 3,12 сомдон 8,31 сомго чейин көтөрүлгөн. Бул ишкананын кызматкерлеринин айлыгын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берген.
Бирок адистердин жетишсиздиги дагы эле чечиле элек. Штатта 105 кызматкер каралганына карабастан, учурда 23 бош орун бар.
«Азыр адистер орточо эсеп менен 60-70 миң сом, эң аз дегенде 40 миң сом алышат. Бирок тар адистердин айлыгын дагы жогорулатуу керек. Жеке компанияларда аларга 100 миң сомго чейин төлөшөт. Ушуга байланыштуу жакында комиссиянын кароосуна токтомдун долбоорун киргизебиз. 8,31 сомдук тариф толугу менен бөлүштүрүлгөн: тейлөөгө, айлык акыга, материалдык-техникалык чыгымдарга жана башка иштерге жумшалат. Биз тарифти кайра көтөрүүнү сунуштабайбыз, каражаттарды кайра бөлүштүрүүнү каалап жатабыз. Депутаттар колдосо, айлыктарды көтөрө алабыз», — деп түшүндүрдү Рамиз Алиев.
Ал ошондой эле «Бишкекгорлифт» лифттерди тейлөө үчүн кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрүн жумушка кабыл алууга даяр экенин кошумчалады.



