Баткен шаарында дүкөндөн кийим уурдоого шектелип 6 жаран кармалды
Баткен районунун Бужум айылынын 30 жаштагы тургуну 2023-жылдын 17-февралынан 18-февралына караган түнү Баткен шаарындагы эркек кишилердин кийимин сатуучу дүкөнүнөн белгисиз жарандар жалпы суммасы 470600 сомдук болгон сатыкта турган кийим-кечелерин уурдап кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган.
Бул арыз Баткен ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, Баткен ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери жүрө баштайт. Ыкчам-иликтөө иш-чарасынын негизинде 2023-жылдын 9-март күнү Баткен шаарынын 18 жаштагы беш тургуну жана 17 жаштагы бир тургуну аныкталып, кармалды. Кармалган учурда алардын жанынан далилдүү буюм катары кийим-кечелер алынган.
Бүгүнкү күндө 18 жаштагы беш жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.



