Маданият

Арслан Койчиев кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады

Бүгүн, 9-сентябрда, Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев жалпы кыргызстандыктарды улуттук маданияттын баалуу мурастарынын бири болгон Комуз күнү менен куттуктады.

Ал комуз кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхынын, нарк-насилинин жана дүйнө таанымынын башкы коштоочусу экенин белгилеген.

Жазма маданият кеңири жайыла элек замандарда эле элибиз өзүнүн тарыхын, санжырасын, нарк-насилин, дүйнөгө болгон көз карашын сөз, эпос, обон жана күү аркылуу муундан муунга өткөрүп келген. Ошол улуу руханий көчтүн башкы коштоочуларынын бири — комуз”, — деди Койчиев.

Ошондой эле ал комуздун маданияттагы орду “Манас” эпосунда, анын ичинде Сагымбай Орозбаковдун вариантында да кездешерин эске салды. Мындан сырткары, Монголия аймагындагы археологиялык казууларда VIII–IX кылымдарга таандык комуз табылганын, бул көчмөн элдер арасында кылдуу аспаптар байыртадан эле кеңири колдонулганын далилдей турганын белгиледи.

Мамлекеттик катчы Токтогул, Карамолдо, Мураталы, Ниязаалы, Ыбырай, Атай сыяктуу залкарлардын күүчүлүк салтын улантып, ата-бабадан калган бул мурасты келечек муунга өткөрүп берүү башкы милдет экенине токтолду.

Сөзүнүн соңунда Арслан Койчиев кыргыз комузунун добушу Ала-Тоо койнунда гана эмес, эл аралык сахналарда да жаңырып, дүйнө жүзүнө элибиздин маданиятын таанытып жатканын кошумчалап, элге ынтымак, өлкөгө өнүгүү каалады.

Тектеш кабарлар

Back to top button