Коом

Жыргалаңда жаңы объектилердин курулушу жүрүүдө

Жыргалаңдын туристтик аймагында жаңы объектилердин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу «Ала-Тоо Резорт» ААКтан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, алардын арасында жалпы аянты 53 миң 113 чарчы метрди түзгөн беш жылдыздуу мейманкана бар.

«Учурда курулуш аянтында монолиттик иштер жүргүзүлүп, пайдубалды арматуралоо жана бетон куюуга даярдоо иштери аткарылууда. Ошондой эле имараттын темир-бетон конструкциялары тургузулуп, мунара крандары орнотулган», — деп айтылат маалыматта.

Долбоордун алкагында Жыргалаңда заманбап алты кабаттуу мейманкана комплекси пайда болот. Объект курорттун туристтик инфраструктурасын кеңейтүүгө багытталган.

Тектеш кабарлар

Back to top button