Коом

Мектептердеги жайкы каникулда жол кырсыктарын алдын-алуу максатында маектешүүлөр уланууда

Жайкы эс алуу күндөрүнүн жүрүшү менен, балдарды катышкан жол кырсыгынын саны көбөйүүдө. КР ИИМдин ЖКККББы кызматкерлери үчүн жай мезгилинде балдарда жана өспүрүмдөргө жол коопсуздугун маалымдоо жана алардын жолдогу коопсуздугун камсыз кылуу эң натыйжалуу, анткени эс алуу учурунда жаш жөө жүргүнчүлөр билим берүү процесси менен алектенишпесе дагы жол белгилерин жана жол эрежелерин кызыгуу менен кабыл алып, окушат. Бул иште кадимки маектешүү чоң мааниге ээ.

Мындай иш чаралардын негизги максаты көчөдө балдардын коопсуз жүрүм-турумун жана мектептин окуу процессинде алган билимин практика жүзүндө ишке ашырып, бекитүү болуп саналат. Жол кырсыктары пайда кылуучу маселелер, мисалы, көчөдөгү жүрүм-турум эрежелери, турак жай имараттарынын короосунда өзүн алып жүрүү, велосипедди башкарууда коопсуздукту камсыздоо, караңгыда жарыктарды чагылдыруучу элементтеринде, ошондой эле жол кесилиштерин туура өтүү эрежелеринин сакталышы тууралу толук малымат берүү.

Бул иш-чаралар балдардар чогулган, эс алган жерлерде жана республиканын аймагындагы балдар эс алуу жайларында үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жатат. Балдар жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер менен жолугушууга дайым кубанычта, ата-энелер жана тарбиячылар мындай түшүндүрүү иштерин өткөрүүдө кызматкерлерге ыраазычылыгын билгизишет.

КР ИИМдин ЖКККББы басма-сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button