Окуялар

Мавлян Аскарбеков эки жылга эркинен ажыратылды

Бүгүн, 29-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда активист Мавлян Аскарбековго карата кезектеги сот отуруму өттү.

Судья кеңешүүчү бөлмөдөн кайтып келген соң, Аскарбековду КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси — «Расалык, этностук, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» боюнча күнөөлүү деп таап, жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөө менен эки жылга эркинен ажыратты.
Мындан тышкары, сот анын камакта отурган мөөнөтүн бир күндү эки күнгө эсептөө тартибинде эсептеди.

Буга чейин өткөн сот отурумунда мамлекеттик айыптоочу Мавлян Аскарбековду төрт жылга эркинен ажыратууну сураган.

Эске салсак, Аскарбеков июнь айында УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Сот ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандап, УКМКнын тергөө абагына киргизген.

Аскарбеков лингвистикалык экспертизанын корутундусун мойнуна албайт. Анын жактоочулары активисттин улуттар аралык кастыкты козутуу максаты болбогонун, ал өлкөдө болуп жаткан процесстер тууралуу өз оюн ачык билдиргенин белгилешүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button