Тагдыр. Унаасынын астында аялы, артында балдары отуруптур

Кечээ ал чоң, кымбат «Лексус» сатып алганын көрдүм. Аялы алдыңкы орунда, балдары артында.
Дүкөнгө баргам жол чырактан өтүп баратсам ал унаасына үй бүлөсүн салып паркка алып бара жатыптыр. Тааныбаган киши сымал астынан өттүм. Бирок ичим өрттөнүп турду. Мен ушинтип ал унаанын астына отура албайм. Бирөө жарым көрүп калбасын деп мага түн катып келет. Чогуу киного же бир жака барсак такси менен барабыз. Айтор өзүмдү экинчи сорттогу адам сезип жатам.
Ал мени көрдүбү, көрбөдүбү — билбейм.
Бирок ошол көз ирмемде ичим өрттөнүп кетти.
«Мен эмнеге бул жерде жокмун?» деген суроо жүрөгүмдү тилип өттү.
Мен да анын жанында отуруп, эч кимден жашынбай, шаар аралап жүргүм келет. Мен да анын унаасынын эшигин ачып, балдары сыяктуу жанында отургум келет. Мен да күндүз жолугуп, элден жашырынбай кол кармашып баскым келет.
Бирок менин тагдырыма түндөр гана тийгендей.
Ал мага түн жамынып келет.
Эч ким көрбөсүн деп.
Эч ким билбесин деп.
Мен болсо анын кеткенден кийинки жымжырт бөлмөдө жалгыз калам.
Ошондо өзүмдөн сурайм:
«Мен ушуга эле татыктуумунбу?»
Балким, ал мени жакшы көрөт. Балким, мага чындап тартылат. Балким, менсиз жашоосу бош сезилет. Кээде мага да алтын сөйкө, белек алып берет. Бирок ал менин менен өткөргөн түн үчүн гана берилген сыйлык сыяктуу.
Бирок сүйүү адамды жашырышы керекпи?
Сүйүүдө адам өзүн экинчи орунга коюшу керекпи?
Мен анын жашоосундагы бош убакыт болгум келбейт. Ал үй-бүлөсү менен өткөргөн күндөрдүн ортосундагы «бош калган» сааттарда гана эстей турган аял болгум келбейт.
Мен бирөөнүн түнкү коногу эмес, бирөөнүн жарык күндөгү бактысы болгум келет.
Менин да жүрөгүм бар.
Менин да намысым бар.
Менин да кыялдарым бар.
Мен да бир күнү кимдир бирөөнүн жанында элден жашынбай отуруп, «бул менин аялым» деген сөздү уккум келет.
Балким, мен аны жоготуп алуудан коркуп жүргөндүрмүн.
Бирок акырында түшүндүм: мен аны жоготуп алуудан эмес, өзүмдү жоготуп алуудан коркушум керек экен.
Анткени адам башка бирөөнүн жашоосунда экинчи орунду ээлеп жүрүп, акырында өз жашоосунда биринчи орунда болууну унутуп калат экен.
Менин тагдырым бирөөнүн көлөкөсүндө калуу үчүн жазылган эмес.
Мен да толук сүйүүгө, ачык бакытка, күндүзкү жолугушууларга, чогуу түшкөн сүрөттөргө, эч кимден жашырылбаган сүйүүгө татыктуумун.
Эгер ал мени тандабаса, анда мен өзүмдү тандашым керек.
Анткени мен экинчи сорттогу адам эмесмин.
Мен жөн гана өзүмдү биринчи орунга коюуну кеч үйрөнүп жаткан аялмын.
Эмне үчүн мен көлөкөдө жашынып өмүр сүрүү керекмин. Акыркы мезгилде мен бир нерсени түшүндүм, аялы үй бүлөсү бар эркек эч качан сеники боло албайт экен. Сен жөн гана убактылуу көңүл ачуучу «курал» эле болуп калат экенсиң.
Балким кезинде азгырылдым, алдандым. Бирок али кеч боло электе мен да өз бакыт уямды курууга толук укукугум бар экен аңдап жеттим.
Менин кыжырданткан эң өкүнүчтүүсү анын аялы мен тууралуу билет болду бекен. Аял ар дайым сезет. Ал акылдуу экен акыр аягы мени жеңди.
Бүгүндөн баштап телефон номеримди алмаштырып, жашаган жеримди которуп көздөн кайым болом. Бул тагдыр менен жашап жаткан азыр көп кыз келиндер бар менин айткандарым балким аларга сабак болор.


