Коом
Таалайбек Ибраев:Кыргызстанда кышкысын былтыркыдай эле “Жөнгө салуу иш-чаралары” жүрүшү мүмкүн

“Ток өтө көп колдонулган учурларда “жөнгө салуу иш-чараларын” жүргүзөбүз”. Жарык бир же эки саатка өчүшү мүмкүн. Былтыр да ушундай болгон. Мындай кадамга барууга аргасызбыз. Себеби жабдуулар үчүн материалдык жоопкерчилик алганбыз. Эгер трансформаторго күч келип күйүп кетсе прокуратура бизди камап салат”, — деди министр.
Кыргызстанда былтыркы кышта ток өтө көп колдонулган учурларда жарык өчүрүлүп турган. Энергетиктер бул кезектеп өчүрүү эмес, жабдууларды сактап калуу үчүн “жөнгө салуу иш-чаралары” экенин айтышкан.



