ЖАН ДҮЙНӨ, ТАГДЫР

Тагдыр. Кошунам кыздарынын жүрүм турумуна кайдыгер карайт

Кыздын тарбиясы биринчи кезекте энеден башталат дешет. Чындыгында, эне кызына эмне туура, эмне туура эмес экенин сөзү менен гана эмес, өзүнүн мамилеси жана көз карашы менен да үйрөтөт.

Дегеним азыр мен жашаган батирде бир эне үч кызы менен жашайт. Улуусу эми 20 жашка чыгат. Кыздарынын жигиттен жигит тандап, кымбат баалуу белектерди алып, түнкүсүн үйгө кеч кайтып жүргөнүн апасы көрүп, билип турат. Бирок унчукпайт.

Бир күнү кошуналар чогулуп сүйлөшүп отурганда, ошол эне өзү:

— Биздин үйдө эркек жасай турган кандай жумуш болсо да, кыздарымдын жигиттери келип жасап беришет, — деп мактанып сүйлөдү.

Ошол сөздү укканда көпкө чейин ойлондум. Балким, бүгүн ал эне муну кыздарынын «бактысы» деп ойлоп жаткандыр. Балким, кымбат белектерди, көңүл бурууну, жигиттердин жардамын кыздарынын баалуу экенинин белгиси катары көрүп жаткандыр.

Бирок кыздын баркы — алган белегинин баасында эмес. Кыздын баркы — өзүн канчалык сыйлаганында. Эне кызына: «Сенин жашооңдо ким болбосун, биринчи кезекте өзүңдү сыйла. Сени белек менен эмес, адам катары баалаган адамды танда. Түн ичинде каалаган убакта чакырган эмес, келечегиңди ойлогон адамга ишен» деп айтышы керек. Анткени бүгүн эне унчукпай коюшу мүмкүн. Бирок эртең кыздын тагдыры үн катканда кеч болуп калбайбы.

Жаш кезде туура эмес тандоонун баасы билинбейт. Кымбат белекке сүйүнгөн кыз бир күнү ошол белектен да кымбат нерсесин — өзүнүн тынчтыгын, аброюн, убактысын же жүрөгүн жоготуп алышы мүмкүн. Ошондо «эмнеге менин кызым ушундай болуп калды?» деп өкүнбөйт деп ким кепилдик бере алат. Анткени баланын тарбиясы бир күндө бузулбайт. Ал күн сайын көргөн нерседен, уккан сөздөн, ата-эненин унчукпай макул болгондой мамилесинен калыптанат. Эжекелерин көргөн 7- класста окуган кызы деле демек ушундай болушу керек деген ой менен чоңоюп жатат да. Кыргызда эжени көрүп сиңди өсөт деген.

Эне кызын көзөмөлдөө үчүн эмес, өмүр бою өзүн өзү коргой ала тургандай кылып тарбиялоо үчүн жанында болушу керек. Кызга дүйнөдөгү эң кымбат белек — кымбат баалуу буюм эмес, Эненин берген туура тарбиясы. Анткени эне бүгүн кызына чек коюп, туура жолду көрсөтсө — балким, кызы таарынышы мүмкүн. Бирок эртең ошол кызы апасына ыраазы болот. Ал эми эне бүгүн унчукпай, баарына көз жумса — кызы бүгүн сүйүнүшү мүмкүн. Бирок эртең кыздардын жаштыгы өтөт, ажарынан нур өчүп жашы улгайып калганда эч кимге кереги жок болуп калбайбы. Албетте ар бир эне өз дүйнө таанымына жараша тарбия берет эмеспи, ал мен жөн гана өз ой толгоом менен бөлүшүп койдум.

Тектеш кабарлар

Back to top button