Окуялар

Прокуратура Ташиев, Зулушев, Тургунбек уулу жана башкаларга эркинен ажыратуу жазасын берүүнү сурады

Бүгүн, 13-августта Бишкек шаардык сотунда «75 иши» боюнча соттук отурум уланды. Иш мурдагы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, ошондой эле Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Эмиль Узакбаевге карата каралууда.

Белгилей кетсек, соттук отурум жабык режимде өтүп жатат.Айыпталуучулардын адвокаттарынын маалыматына караганда, прокуратура Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө макул эместигин билдирип, апелляциялык арызында бардык айыпталуучуларга реалдуу жаза мөөнөтүн — 9 жылдан эркинен ажыратууну сураган.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button