Окуялар

Кой-Таш окуясы. Сот Атамбаев, Жээнбеков, Ниязов, Карамушкина жана башкаларга өкүм чыгарды

Бүгүн 3-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана бир нече кишиге каршы козголгон айрым кылмыш иштери боюнча өкүм чыкты.

Кой-Таш окуясы боюнча Атамбаевге 11 жыл 6 айга камоо, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу, мүлкүн мамлекетке алуу түрүндөгү жаза чегерилди.

Атамбаевдин тушунда президенттик аппараттын башчысы болуп турган Фарид Ниязовду, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Равшан Жээнбековду 7 жыл 8 айдан жана Ирина Карамушкинаны 7 жыл 6 айга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алуу өкүмү жарыяланды. Атамбаевдин тарапташы Фархад Баабиевге 5 жыл 6 ай чегерилди.

Канат Сагымбаев, Асель Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Мээрбек Мискенбаев, Канат Осмоналиев, Рысбек Карыпбек уулу, Нооруз Капарбек уулу, Марат Шаменов, Амангелди Какебаев 3-5 жылдык пробациялык көзөмөл түрүндөгү жаза алышты.

Ал эми жемкорлук тууралуу айыптар боюнча мурдагы вице-премьер-министр, эл аралык издөө жарыяланган Аскарбек Шадиевге 15 жыл 6 ай берилди. Анын да мүлкү мамлекеттин пайдасына чегерилери белгиленди.

Калган айыпталуучуларга «мөөнөтү өттү» деген негизде жаза чегерилген жок.

Тектеш кабарлар

Back to top button