Окуялар
Мароккодо суу ташкындарынын кесепетинен 37 адам каза болду

Марокконун батышында болгон суу ташкындарынын кесепетинен 37 адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтин маалыматына таянып TanjaNews басылмасы кабарлады. Буга чейин каза болгондордун саны 20 экени айтылган.
Маалыматка ылайык, дагы 14 адам медициналык жардам алууда. Учурда издөө-куткаруу иштери улантылып жатат.
Суу ташкындары 14-декабрда катуу жааган жамгырдын кесепетинен жээктеги Сафи провинциясында башталган. Табигый кырсыктан кеминде 70 үй жана соода жайы суу алдында калып, бир нече жол жабыркаган.



