Кыргызстанда өткөн жылдын март айынан бери 2 миң 94 баладан коронавирус табылган

2020-жылдын март айынан бери балдар арасында COVID-19 менен ооруп, республиканын стационарларында дарыланып чыккан 2 миң 94 учур катталган. Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун башкы дарыгери Айна Жетыбаева брифинг учурунда билдирди.
Анын маалыматына караганда, жалпы катталгандардын ичинен стационарда дарылоодон өткөндөр:
Бишкекте – 807
Ош шаарында – 124
Чүй облусунда – 351
Ош облусунда – 342
Талас облусунда – 20
Нарын облусунда – 98
Ысык-Көл облусунда – 145
Жалал-Абад облусунда – 134
Баткен облусунда – 73
Ооругандардын жаш-курагы боюнча:
1 жашка чейин – 311 (14,8%) бала;
1 жаштан 4 жашка чейин – 624 (29,8%);
5 жаштан 15 жашка чейин – 759 (36,2%);
16-18 жаштагылар – 400 (19,2%).
Оордугуна жараша:
— орточо оор абалда — 24,5%;
— оор абалда — 16,5%:
— өтө оор абалда — 1,7%.
Каза болгон 6 учур (0,4%) катталган.



