Окуялар
Кызыл-Кыяда күйөөсүнөн тепки жеген келин арыз жазуудан баш тартты

Кызыл-Кыя шаарында күйөөсүнөн зомбулук көргөн келин арыз жазуудан баш тартты. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы кабарлады.
Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарап, коомчулукта талкуу жаратууда. Видеонун авторлору эркек киши аялды адашып туура эмес дары алып алганы үчүн тээп жатканын айтышкан.
Милиция окуя 10-августта Ленин көчөсүндө болгонун тактады. Ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында 25 жаштагы келинге зомбулук көрсөткөн адам 31 жаштагы күйөөсү болуп чыккан. Алардын үч баласы бар.
Келин арыз жазуудан баш тарткан. Бирок милиция ага соттук-медициналык экспертиза дайындалып, текшерүү уланып жатканын, анын жыйынтыгы менен мыйзамга ылайык чара көрүлөрүн кабарлады.



