Коом

«Асман» экологиялык шаарын куруу үчүн 653,87 гектар жер бөлүндү

Министрлер кабинети Ысык-Көл районундагы мамлекеттик 653,87 гектар жерди «Асман» экологиялык шаарын долбоорлоо жана куруу үчүн калктуу конуштардын жерлеринин категориясына өткөрдү.

Жер тилкелери Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын аймагында жайгашкан. Анын 457,99 гектары айыл чарба багытындагы жерлерге, 195,88 гектары мамлекеттик токой фондунун жерлерине таандык болгон.

Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына жер документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бул аймактар үчүн шаар куруу документтерин иштеп чыгуу тапшырылды.

Болочок шаардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жаан-чачын жана эриген кар сууларын буруп кетүү, сейсмикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана кооптуу жаратылыш процесстерине мониторинг жүргүзүү чаралары каралууга тийиш.

Жер казуу жана курулуш иштерин жүргүзүүдө экологиялык жана санитардык талаптар сакталууга милдеттүү. Эгер аймактан тарыхый-маданий мурастын объектилери табылса, археологиялык изилдөөлөр жүргүзүлөт. Мындай иштерди көзөмөлдөө үчүн археолог адис тартылат.Эгер бөлүнгөн жер тилкелери белгиленген максатта пайдаланылбаса, бийлик аларды баштапкы абалына келтирүү боюнча чараларды көрүүгө тийиш.

Тектеш кабарлар

Back to top button