Саясат
Бишкек шаардык кеңешинин төрагалыгына 2 талапкер сунушталууда
Бишкек шаардык кеңешинин төрагалыгына эки талапкер сунушталды.
Алар «Эмгек» партиясынан Токтосун Султанов жана «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан Кубанычбек Конгантиев. Учурда төраганы жана анын бир орун басарын шайлоо жүрүүдө.
Жаңы шайланган депутаттар бүгүн мандат алып, ант берип расмий түрдө кызматка киришишти. Учурда алгачкы сессиясы өтүп жатат.



