Окуялар
Зыян 5 млн сом. Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы кармалды

Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы жер тилкесин мыйзамсыз сатууга жана жасалма диплом колдонгон деп шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
“Тергөөнүн маалыматына караганда, төрага 2022-жылы муниципалдык жер тилкесин аукцион өткөрбөстөн, түз келишим аркылуу жеке жакка мыйзамсыз сатып жиберген. Ошондой эле анын жогорку билими тууралуу диплому жок экендиги, жасалма документтин негизинде иштеп, мыйзамсыз эмгек акы алып келгени аныкталган”, — деп айтылат маалыматта.
Бул фактылардын негизинде мамлекетке 5 миллион сомдон ашык өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. Шектүү 29-сентябрда кылмыш ишинин алкагында кармалып, учурда тергөө иштери улантылууда.



