Коом
Нарын ОИИБи: Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнө жаңы жетекчи дайындалды

Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнө милициянын полковниги Осмоналиев Мирлан Мелисбекович дайындалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.
М.Осмоналиев 2001-жылдан бери ички иштер органдарында кызмат өтөп келет.Ал бул кызматка чейин Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенген.



