Коом

Чет өлкөлөрдө 25,5 миңге жакын кыргызстандык добуш берди

Бишкек убактысы боюнча 2025-жылдын 1-декабрында түн жарымда Россия, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Аравия, Катар, Египет жана Кувейт мамлекеттеринде жайгашкан Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү 80 шайлоо участогунда добуш берүү аяктады. Бул тууралуу ТИМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, учурда өлкө аймагынан тышкары жайгашкан дагы 20 тилкеде шайлоо уланууда. Бул участоктор — АКШ, Улуу Британия, Венгрия, Германия, Австрия, Чехия, Словакия, Италия, Бельгия, Швейцария жана Франция.

«30-ноябрь саат 00:00гө карата добуш берүүгө катышкан Кыргызстандын жарандарынын саны 25 458 адамды түздү.

Акыркы болуп добуш берүү процесси АКШнын Сан-Франциско шаарында жайгашкан шайлоо участогунда 1-декабрда, Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө аяктайт.

Эске салсак, кечээ, 30-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү.

Тектеш кабарлар

Back to top button