Акыркы суткада коронавирустан 14 бейтап каза тапты. Статистика

Кыргызстанда 31-июлга карата коронавирус дагы 919 адамдан аныкталып, 14 бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде аймактар боюнча:
Бишкек шаарында – 515,
Ош шаарында – 6,
Чүй облусунда – 154,
Ош облусунда – 29,
Талас облусунда – 10,
Нарын облусунда – 23,
Ысык-Көл облусунда – 50,
Жалал-Абад облусунда – 73,
Баткен облусунда – 57 адамдан илдет табылган.
«Ал эми бир суткада 1 миң 580 адам илдеттен сакайды», — деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 14 бейтап каза болгон.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 831 бейтап, амбулатордук түрдө 10 миң 860 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 162 миң 892 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 144 миң 564 киши айыгып чыкса, 2 миң 325 адам каза болду.



