Окуялар

Бишкекте автобустун ичинде чачташкандар милицияга жеткирилди

Бишкекте автобустун ичинде эки жүргүнчү аялдын ортосунда болгон чырдан кийин милиция текшерүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Окуя Жибек Жолу проспектиси менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинде болгон. «102» кызматына автобустун салонунда эки аялдын ортосунда күч колдонуу менен коштолгон чыр чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Милицияга 1963-жылы жана 1992-жылы туулган эки аял жеткирилген.

Аялдардын бирине карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү аяктагандан кийин процессуалдык чечим кабыл алынат.

Тектеш кабарлар

Back to top button