Коом

УКМК: «Араван райондук автобекети» мамлекеттин балансына кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.     

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК  Араван айылынын  Ош-3000 көчөсүндө  жайгашкан жалпы аянты 0,33 га болгон борбордук «Араван автовокзалын» мамлекеттин балансына кайтарды.

Тактап  айтканда, 2000-жылдары автобекеттин аймагы 29 жеке ишкерге мыйзамсыз берилгени аныкталган, алар КР «Автомобиль транспорту жөнүндө» мыйзамын бузуу менен жер-жерлерде соода жайларын уюштуруп, стратегиялык объектини толук реконструкциялашкан.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө менчик ээлери өз ыктыяры менен объектини КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп беришти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button