Жапаров Ала-Тоо аянтында Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларга арналган салтанаттуу иш-чарага катышты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ала-Тоо аянтында Токиодо өткөн Олимпиада оюндарына катышып, Кыргызстандын желегин желбиреткен спортчулардын мекенине кайтып келүүсүнүн урматына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Салтанаттуу иш-чарага спортчулар, машыктыруучулар дагы катышып, ал концерттик программа менен коштолууда.
Ала-Тоо аянтында Токиодо өткөн Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларды тосуп алуу салтанатына миңге жакын шаардыктар чогулду.
Иш-чара белгилүү кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда өтүүдө.
Салтанаттуу иш-чарага өлкөбүздүн намысын XXХII жайкы Олимпиадалык оюндарында коргогон спортчулар, машыктыруучулар катышууда.
Эскерте кетсек, Олимпиада оюндарында Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов күмүш медаль, ал эми Мээрим Жуманазарова коло медаль уткан.



