Окуялар

Кыргызстанда сутка ичинде 15 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстанда сутка ичинде 15 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 20 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 2, Нарын облусунда 1, Талас облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 4, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Кара-Жыгач конушунда Mazda Demio үгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылында дүкөндүн 9 чарчы метр аянты күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыналуусунан келип чыккан.

Талас облусунун Манас районундагы Покровка айылында Покровка орто мектебинин көмүр сактоочу жайында 700 кг көмүр күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ынтымак айылында жыгач устундуу тунуке жабылган турак үйдүн 78 чарчы метр чатыры, 1 сыналгы, 1 муздаткыч, “Субару Форестер” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button