Саясат
Путин Кыргызстанга 2 млрд долларга жакын инвестиция салды

Орусия Кыргызстанга 2 млрд долларга жакын инвестиция салды, — деди Владимир Путин Садыр Жапаров менен жолугушууда.
Анын айтымында, Кыргызстанда Россиянын катышуусу менен 1,7 миң ишкана иштеп жатат.
«Сиз Россиянын инвестициялары тууралуу айттыңыз. Чынында эле инвестициялар да өсүп, дээрлик 2 млрд долларга жетти», — деди ал.
Путин россиялык инвесторлордун Кыргызстан менен кызматташууга болгон ишеними жана алардын кыргыз экономикасына инвестиция салуусу өлкө жетекчилигинин аракеттерине жана ички саясаттагы оң динамикага байланыштуу экенин белгиледи.



