Коом

Өлкөдө 20-октябрдан баштап айыл чарбаны каттоо башталат

Кыргызстанда 20-октябрдан 10-ноябрга чейин 2025-жылдагы айыл чарба каттоосу расмий түрдө башталды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымат билдирди.

Комитет белгилегендей, бул иш-чара өлкөнүн айыл чарба тармагынын абалы тууралуу актуалдуу маалыматтарды алуу үчүн ачкычы болуп саналат.

Эл каттоого республикалык бюджеттен 277,7 миллион сом, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун колдоосуна 55 миң доллар бөлүнгөн.

Эл каттоого 6791 убактылуу кызматкер тартылган.

2025-жылдын 15-майынан 15-июнуна чейин чарба жүргүзүүчү субъекттердин тизмелерин тактаган 1179 эсепчи;

20-октябрдан 10-ноябрга чейин маалымат чогулта турган 4494 эл каттоочу;

898 инструктор-көзөмөлчүлөр, алар 1,5 ай ичинде эл каттоонун сапатына көз салышат;

Үч ай ичинде 220 координатор уюштуруучулук колдоо көрсөтөт.

Бөлүнгөн каражаттын басымдуу бөлүгү кызматкерлердин эмгек акысын төлөөгө жумшалат. Калган каражат эл каттоону уюштурууга жана өткөрүүгө жумшалат.

Тектеш кабарлар

Back to top button