Коом

Мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн компания «кара тизмеге» кирди

Бишкектин Көк-Жар кичи районунда мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн «Улан Строй Компани» ЖЧКсына 200 миң сом айып салынды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, компаниянын лицензиясы 90 күнгө токтотулуп, «кара тизмеге» киргизилди.

Курулуш иштеринин жүрүшүндө жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тротуар бузулуп, коопсуздук жана курулуш талаптары сакталбаганы аныкталган. Ошондой эле объект Мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине катталбастан иш жүргүзгөн.

Мындан тышкары, компанияга бузулган тротуарды толук калыбына келтирүү тапшырылды. Объекттеги оор жүк ташуучу атайын техникаларды колдонууга убактылуу тыюу салынды.

Тектеш кабарлар

Back to top button