Коом

Кыргызстандан сыртка чыгарылган каражат жарым жылда рекорддук көрсөткүчкө жетти

Биринчи жарым жылдыкта Кыргызстандан 252,4 миллион доллар которулганын Улуттук банк билдирди. Кеп жарандардын атайын система аркылуу жиберген каражаты тууралуу болуп жатат.

Буга чейинки жылдардын алты айындагы маалыматтарын салыштыра турган болсок, азыркы көрсөткүч рекорд деп эсептелет. Сумма өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 39 миллион сомго көп.

Январь-июнь айларындагы маалыматтар (каражаттар сыртка 200 миллиондон көп чыккан жылдар көрсөтүлгөн):

  • 2020 — 216,6 миллион доллар;
  • 2019 — 247,6 миллион;
  • 2018 — 238,4 миллион.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button