Окуялар

Ошто милициянын кайгуул кызматынан качып бара жаткан айдоочу каза болду

Ош шаарында жол кырсыгынан 39 жаштагы айдоочу каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 16-августка караган түнү болгон. Анда милициянын нөөмөт бөлүмүнө тургун Ош шаарынын батыш тарабында жайгашкан СМУТТ аймагында белгисиз айдоочу мас абалында өзүнүн Деу-Лассети үлгүсүндөгү автоунаасын айдап жүргөндүгү тууралуу маалымат берген.

«Аталган жерге милициянын кайгуул кызматынын жакынкы аралыкта кызмат өтөп жаткан экипажы барганда, жериндеги күбөлөр мас абалындагы жаран алкоголдук ичимдиктерди алып, өз унаасына отуруп, белгисиз тарапка кирип кеткендиги тууралуу билдиришкен.

Айдоочунун мас абалында унаа башкарып жүргөндүгү тууралуу маалыматтан улам, кырсыктын алдын алуу максатында милициянын кайгуул кызматы ал айдоочуну издөө аракеттерин көргөн. Аталган унаа милициянын кайгуул кызматынынын экипажына Жапалак айылынан кез келип, бирок токтотуу боюнча талабына баш ийбестен каттуу ылдамдыкта качып кеткен. Көп өтпөй Жапалак айылынын Качыбек участкасындагы көчөдө жайгашкан электр мамычасын, андан соӊ жакын турган үйдүн дубалын сүзүп токтогондугу маалым болгон», — деп билдиришти шаардык милициядан.

Айдоочу 39 жаштагы Э.И. аттуу жаран Ош шаардык ооруканасына оор абалда жеткирилип 16-август күнү түштөн кийин каза болгон. Бул факты боюнча тергөө кызматы тиешелүү иликтөөлөрдү жүргүзүп жатканы кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button