Окуялар
Соң-Көлдө Япониялык эки турист каза болду

Соң-Көл жайлоосунда чет өлкөлүк эки жаран каза болду. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-сентябрда саат 07:55 чамасында Сон-Көл жайлоосунда эки чет өлкөлүк жарандын каза болгону тууралуу билдирүү түшкөн.
Алдын ала маалымат боюнча, чет өлкөлүк жарандар 21-сентябрда эс алуу жайына келишкен. Түнкүсүн газ жылыткычын колдонуп, уктап калышкан деп болжолдонууда.
Окуя болгон жерге Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу барган. Укук коргоо органдары тиешелүү тергөө иштерин жүргүзүп, экспертизалар дайындалган.
Учурда окуя боюнча териштирүү жүрүп, кырсыктын бардык жагдайлары аныкталууда.Каза болгондор Япониянын жарандары экени маалымдалды.



