БУУ Афганистандагы кызматкерлерин Казакстанга көчүрдү

Бириккен Улуттар Уюмунун Афганистанга көмөк көрсөтүү миссиясы жана башка агенттиктеринин кызматкерлери Казакстандын Алматы шаарына убактылуу көчүрүлдү. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, БУУнун кызматкерлери түшкөн учак 18-августка караган түнү Алматыга конгон.
“Афганистандагы ички саясий абалдын курчуганына байланыштуу БУУнун Казакстанга Афганистанга көмөк көрсөтүү миссиясы (UNAMA) жана башка агенттиктерин Алматыга убактылуу жайгаштыруу өтүнүчү менен кайрылган. БУУ менен Казакстандын көп тараптуу кызматташтыгы жана бул уюмдагы толук кандуу мүчө катары милдеттемелеринин алкагында президент Касым-Жомарт Токаев өтүнүчтү колдоо чечимин кабыл алды”,-деп айтылат казак министрлигинин маалыматында.
Казакстандын мамлекеттик маалымат каражаттары Алматыга конгон учакта 141 киши болгонун жазып чыгышты. Алардын баары Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстанга көмөк көрсөтүү миссиясынын кызматкерлери.
“Талибан” кыймылы Кабулду басып алган соң 300гө жакын кызматкеринин үчтөн бирин Казаксанга көчүрөрүн жарыялаган.
БУУнун Афганистандагы мекемелеринде 300гө жакын эл аралык жана 3000дей жергиликтүү кызматкер иштейт.
Көчүрүлгөн кызматкерлер убактылуу, Афганистандагы кырдаал турукташканга чейин жарым жылдай Алматыда болору, алардын бардык чыгымдарын эл аралык уюм каржыларына кабарланды.


