Курулуп жаткан ипотекалык үйлөр ээлерине чүчү кулак аркылуу берилет

Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан үйлөр 24 кабатка чейин жетет. Аны алчу адамдар кайсы кабат жана канчанчы батирге ээ болоорун чүчү кулак аркылуу аныкташат. Бул тууралуу МИКтин жетекчисинин орун басары Нурадил Баясов «Элдик» депутаттык тобунун жыйынында билдирди.
Айтымында, ар бир этапта 1,2 жана 3 бөлмөлүү 100 батир жайгашкан көп кабаттуу үй курулуп бүтүп жатат. Ал эми кезекте турган жарандар кайсы кабаттан канчанчы батир алаарын мамлекеттик компаниянын өкүлдөрү билбейт.
«Биз бул батирлерди сага 2-кабаттагы бул батир, сага 3-кабаттагы тиги батир деп бөлүштүрө албайбыз. Кайсы кабат жана кайсы батир болоорун кезектегилер чүчү кулак аркылуу аныктап алышат. Биз баарын чоң залга чакырып, 3 бөлмөлүү батир алчуларды өзүнчө, бир жана эки бөлмөлүүлөрдүн ээлерин өзүнчө бөлөбүз. Анан алар чүчү кулак алышат», — деди Баясов.



