Коом

Кыргызстан менен Казакстан маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтет

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Астанада Казакстандын вице-президенти Ерлан Карин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда кыргыз-казак мамилелерин мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Тараптар эки боордош элдин достук жана коңшулук мамилелерин бекемдөөгө негиз болгон өз ара урматтоо, ынтымак, биримдик, өз ара жардамдашуу жана түшүнүшүү принциптеринин маанилүүлүгүн белгилешти.

Ошондой эле кыргыз жана казак элдеринин кылымдардан бери калыптанган тарыхый, маданий жана гуманитардык байланыштарын сактоо жана мындан ары өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар өз ара колдоону жана конструктивдүү диалогду улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, эки боордош мамлекеттин коомдук жана гуманитардык байланыштарын кеңейтүү боюнча пикир алмашты.

Тектеш кабарлар

Back to top button