Ысык-Көлдө диний экстремизмдин алдын алуу иштери күчөтүлүүдө. ФОТО

Ушул күндөрү, Ысык-Көл облусунун аймагында, регионалдык ички иштер органдарынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын милиция кызматкерлери тарабынан дин, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу, аялдар жана жаштар кеӊештеринин өкүлдөрү, ошондой Ооган согушунун ардагерлери менен кезигүүлөрдү өткөрүшүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматынын жетекчиси, милициянын подполковниги Сталбек Усубакунов билдирди.

Кезигүүнүн жүрүшүндө, аймакта диний багытындагы кырдаал туруктуу болгонуна карабастан, жаштарыбызды деструктивдүү диний агымдарынын катарына тартуу коркунучу, дагы да ачык бойдон калып жаткандыгы белгиленди. Ушундан улам, коопсуздук жаатында диний экстремизмдин алдын алуу маселеси, учурда приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат. Себеби, жеке эле биздин мамлекетибизде эмес, дүйнө жүзүндө көптөгөн деструктивдүү диний агымдар кеӊир кулач алып жаткандыктан, дин жагынан тийиштүү деӊгээлде билими жок болсо, анда адам баласы алардын азгырыктарынын курмандыгы болуп калышына толук ыктымалын, кезигүүнүн катышуучулары айтышты.
Кезигүүдөгү ачык диалогунда, анын катышуучуларына алдыда аткара турган иш аракеттер кеӊири түшүндүрүлүп, иш чаралардын өткөрүү методикалары талкуланды. Өзгөчө, теологдорду, диний илимпоздорду, дин жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүн тартуу менен биргелешкен маалымат-түшүндүрүү топторун түзүү маселеси каралып, алар тараптан калк арасында диний экстремизмдин алдын алуу, улут аралык ынтымакты бекемдөө, дин жаатындагы билимин жогорулатуу, толеранттуулукту жана улукттук маданиятты өркүндөтүү боюнча иштерди активдештирүү керектигин белгилешти.





