Коом

УКМК Өзгөн районунда «Жер мафиясынын» ишмердүүлүгүн токтотту – ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Жер мунапысынын» алкагында мыйзамсыз аракеттерди аныктоо боюнча 11.08.2025-ж. №27-19151 сандуу тапшырмасын негизинде КР УКМК тарабынан «Жер мафиясы» атыккан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Аталган кылмыштуу топ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жасалма токтомдорунун негизинде Өзгөн районунун Баш-Дөбөн айыл өкмөтүнүн Кош-Коргон айылынын аймагынан жалпы аянты 103,9 гектар айыл чарба жерлерин «калктуу конуштардын жерлери» категориясына мыйзамсыз трансформациялоо боюнча аракеттенишкен.

Учурда Өзгөн районунда жер тилкелердин орточо базар баасы 1 миллиондон 3 миллион сомго чейин наркты түзүүдө.

Өз убагында көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында мамлекетке болжол менен 3-4 миллиард сомдук зыян келтирүүнүн алды алынды.

КР УКМКнын негизги багыттарынын бири кылмыштарды даярдоо мезгилинде алдын алуу жана бөгөт коюу болуп саналат.

Тектеш кабарлар

Back to top button