Коом
Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн биринин сыртында Айсулуу Тыныбекованын портрети пайда болду

Бишкектин борборунда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин сыртында Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Айсулуу Тыныбекованын портрети пайда болду.
Көп кабаттуу үйдүн сыртына спортчунун сүрөтүн «DOXA» арт-тобу тарткан.
Портретти Токтогул көчөсү менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинен көрүүгө болот.



