Коом

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу убактылуу өчүрүлөт

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эртең, 2-декабрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта ичүүчү суу берүү токтотулат:

  • Куйручук көчөсү — Молдокулов көчөсү
  • Ахунбаев көчөсү — Куйручук көчөсү.
  • ПНС-Молдокулов, 24/1.

Экинчи өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелген:

  • Репин көчөсү — Алыбаев көчөсү — Термечиков көчөсү — Л. Толстой көчөсү.

Суу менен камсыздоо тармактарындагы авариялык калыбына келтирүү иштерине байланыштуу суу берүү токтотулат.

«Бишкексууканал» ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана уюмдардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Тектеш кабарлар

Back to top button