Коом
Мугалимдер акча чогулткан болсо, алар жоопкерчиликке тартылары айтылды
Бүгүн, 13-сентябрда жаңы окуу жылынын башталышына арналган маалымат жыйын өтүүдө. Анда окуу жайлардын жаңы окуу жылына даярдыктары тууралуу айтылууда.
Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев мектептеги акча чогултуулар боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.
«Эгер биз мугалимдер акча алган болсо, аларды жоопкерчиликке тартабыз.
Ошондой эле каражат чогултуп жаткан учурлар болсо, анда атайын кызматтар, тагыраак айтканда милиция, сот деген бар. Ошолорго кайрылуу зарыл. Бизге китеп эмнеге жетпей жатат, мугалимдер эмнеге сабак өтпөй жатышат деген суроолор менен кайрылса болот», — деди Усеналиев.



