Окуялар
Бишкекте Панфилов паркындагы кафеден өрт чыкты

Бишкекте Панфилов сейил багындагы «Панорама» кафесинен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, тилсиз жоо 25-май күнү таңга маал болгон.
«Өрттү өчүрүүгө ӨКМден үч өрт өчүрүүчү бөлүм жана штаб тартылган. Ал саат 07:12де чектөөгө алынып, саат 08:26да толук өчүрүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгым такталып жатканы айтылды. Жабыркагандар жок.



