Спорт

Самарканд марафонунда жеңиш: Генерал-майор Кемелбек Киязов бир жарышта 3 медаль утту

Отставкадагы милициянын генерал-майору Кемелбек Киязов Самарканд эл аралык марафонунун жеңүүчүсү болду.

Отставкадагы милициянын генерал-майору Кемелбек Киязов Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында өткөн эл аралык марафонго катышып, классикалык 42,2 чакырым аралыкты 4 саат 7 мүнөт 12 секундда ийгиликтүү басып өттү.

Кемелбек Киязов өзүнүн жаш курак категориясында биринчи орунду ээлеп, алтын медалга жана дипломго ээ болду.

Өзгөчө белгилей кетүүчү дагы бир жетишкендиги — Кемелбек Киязов «Түрк элдеринин марафондор альянсы» (TAN) программасын ийгиликтүү аяктады. Ал бул альянстын алкагында 60 жаштан жогорку курак категориясында марафонду ийгиликтүү аяктаган Кыргыз Республикасынын алгачкы өкүлү болду. Бул жетишкендиги үчүн атайын эстелик медаль, ал эми 42,2 чакырымдык классикалык марафондук аралыкты багындырганы үчүн финишер медалы менен сыйланды.

Ошентип, Кемелбек Киязов бир эле марафондун жыйынтыгында үч медаль жеңип алды. Өзүнүн жаш курак категориясындагы биринчи орун үчүн алтын медаль, TAN программасын аяктагандыгы үчүн эстелик медаль жана марафондук аралыкты ийгиликтүү басып өткөндүгү үчүн финишер медалы.

Белгилей кетсек, Самарканд марафону Кемелбек Киязов үчүн 42,2 чакырымдык классикалык аралыктагы 15-марафон болду.

Спортчунун машыктыруучусу СССРдин спорт чебери Пыхтеев Леонид Геннадьевич. Анын кесипкөйлүгү, бай тажрыйбасы жана насаатчылыгы спортчунун ийгиликтерине зор салым кошуп келет.

Кемелбек Киязов бул жолку спорттук жеңишин Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына, Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгына арнады.

Ошондой эле жакында Кемелбек Киязов жогорку мамлекеттик сыйлык — III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланып, «Чүй облусунун ардактуу атуулу» деген ардактуу наамга татыганын белгилей кетүү зарыл.

Анын спорттук жетишкендиктери жаш курак жаңы ийгиликтерге жетүүгө тоскоолдук боло албастыгынын жаркын үлгүсү. Эрктин күчү, алдыга койгон максатка умтулуу, темирдей тартип, өжөрлүк жана тандаган жолго берилгендик адамга ар кандай кыйынчылыктарды жеңип, бийик натыйжаларга жетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Тектеш кабарлар

Back to top button