Коом

Манас шаарында жаңы эл аралык аэропорт курулууда: Аны 2027-жылдын күзүндө пайдаланууга берүү пландалууда

«Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» медиа долбоорунун алкагында “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов Asman Airlines авиакомпаниясынын учагы менен журналисттер менен бирге Манас шаарына учуп келди.

Учурда ал ЖМК өкүлдөрүн Манас шаарында курулуп жаткан жаңы эл аралык аэропорттун учуп-конуу тилкеси жана аэровокзал комплекси менен тааныштырууда.

Анда белгилүү болгондой жаңы аэропортту 2027-жылдын күзүндө пайдаланууга берүү пландалууда. Долбоордун негизги багыты — жүк ташуучу авиацияны өнүктүрүү. Аэропорттун учуп-конуу тилкесинин узундугу 3600 метрди түзүп, Жалал-Абад менен “Манас” аэропортунун ортосунда аба каттамдары уюштурулат.

Андан соң чет өлкөлүк авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button