Коом

Кара-Кулжада медициналык борбордун 11,8 миллион сомдук жаңы ашканасы ачылды

Кара-Кулжа районундагы М. Жунусов атындагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунда 227 орунга ылайыкталган жаңы ашкана пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

​

Буга чейин президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев медициналык борбордун абалы менен жеринде таанышканда, 1980-жылы курулган эски ашкана заманбап талаптарга жооп бербей калгандыктан, жаңы имарат курууга колдоо көрсөтүүнү убадалаган. Натыйжада долбоор Ош облусунун өнүктүрүү фондунун эсебинен каржыланып, курулуш иштерине жалпысынан 11 миллион 826 миң 296 сом жумшалган.

Жаңы ашкана заманбап жабдуулар менен камсыздалып, санитардык талаптарга толугу менен жооп берет. Имарат бейтаптар үчүн сапаттуу, коопсуз жана диеталык тамак-аш даярдоого ылайыкташтырылган.

Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Замирбек Сыдыков, медициналык кызматкерлер жана жергиликтүү тургундар катышты.

​Өз сөзүндө Аманкан Кенжебаев саламаттыкты сактоо мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана бейтаптарга сапаттуу шарттарды түзүү маанилүү экенин баса белгиледи. Ал ошондой эле жаңы объекттин пайдаланууга берилиши райондук саламаттыкты сактоо тармагын жана медициналык инфраструктураны жакшыртууга кошкон чоң салым экенин айтты. 

Тектеш кабарлар

Back to top button