Коом

Бүгүн Бишкектин бир бөлүгүндө кечке чейин электр жарыгы болбойт. График

Шаршемби күнү, 22-майда, борбор калаанын айрым аймактарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу «Бишкек электр тармактары» ишканасы билдирди.

Уюмдун бригадалары трансформатордук көмөк чордондорду оңдоо, бутактарды бутоо, зымдарды тартуу сыяктуу жумуштарды аткарышат.

Чыгыш РЭС:

9:30дан 18:00гө чейин 10-кичи райондун Малдыбаев жана Камская көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Курган жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө;

9:30дан 17:00гө чейин 7-кичи райондогу №4/1 үйдө, Ибраимов көчөсүнүн тилкесинде (Жумабек көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин).

Батыш РЭС:

9:00дөн 17:00гө чейин Токтоналиев көчөсүндөгү №60 үйдө, Ак-Муз, Жумабек, Ташауз, Повариская, Курчатов, Серафимович, Бах көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Арча-Бешик конушунда (Ак-Туз, Садыбакасов, Эр-Тайлак, Ак-Таң, Кең-Кол, Камбар-Ата, Шербет, Кара-Кужур, Шералиева көчөлөрүндө).

Түндүк РЭС:

9:00дөн 17:00гө чейин Ак-Бата конушунда (Ак-Бата көчөсүндө);

9:00дөн 18:00гө чейин Ладожская, Черепки, Кулиев, Кудрук көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Илийский, Беломорский, Араван тар көчөлөрүндө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button