Коом

Бишкекте интернетке туташуу кыйынчылыгы байкалууда

Мындай даттануулар борбор калаанын ар кайсы райондорунан келип түшүүдө. Бишкекте Megacom, Beeline, О! мобилдик операторлорунан интернетке туташууда көйгөй болуп жатат. Ушундай эле кыйынчылыктар Wi-Fi тараткан интернет провайдерлеринде дагы жаралууда. 

 Санариптик өнүктүрүү министрлиги кырдаал тууралуу азырынча комментарий бере элек. Бирок айрым провайдерлердин өкүлдөрү магистралдык каналда авария болгонун айтууда. Учурда интернет резерв аркылуу иштөөгө өтүп, оңдоо иштери жүрүп жатканы белгиленди. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button