Дүйнө

Россияда мигранттар арасында кылмыш өсүп жатканы айтылды

Быйылкы жылдын сегиз ай ичинде Россияда мигранттар арасындагы кылмыштын саны алты пайызга өстү. Бул тууралуу ведомствонун расмий сайтында жарыяланды. https://xn--b1aew.xn--p1ai/reports/item/26023627/

Мигранттар арасындагы кылмыштардын басымдуу бөлүгү КМШдан келген жарандарга туура келери айтылды.

«Быйыл чет элдик жана жарандыгы жок адамдар тарабынан 24,7 миң кылмыш жасалган. Бул былтыркы жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 5,9 пайызга көп. КМШдан келген жарандар 19,2 миң мыйзам бузууга барган», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Россияда маалыматтык-телекоммуникациялык технологиялар колдонулган кылмыштар өсүп жатканы айтылды.

Буга чейин Россия ИИМи мыйзам бузган мигранттар менен иштөө керектигин билдирген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button