Францияда жарым миллиондон ашык адам нааразылык акциясына чыгышты

Францияда жашоо наркынын жана баалардын өсүшүнө каршы ишемби күнү өлкө боюнча жарым миллиондон ашык адам нааразылык акциясына катышты. Бул тууралуу BFMTV телеканалы өлкөдөгү ири кесиптик бирикме — Жалпы эмгек конфедерациясына (CGT) таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, Париж, Марсель, Ницца, Лион жана Лилль шаарларында демонстранттар менен полициянын ортосунда кагылышуулар болуп, башаламандыктар жана талкалоолор катталган.
Парижде кагылышуулар жүрүш баштала электе эле Республика аянтында башталган. Нааразы болгон адамдар дүкөндөрдү жана банкоматтарды талкалап, коомдук транспорттун аялдамаларын жана унааларды өрттөшкөн. Полиция жооп катары көздөн жаш агызуучу газ, үн гранаталарын жана суу аткычтарды колдонгон.
Митингдин катышуучулары Франциянын президенти Эммануэль Макронго өлкөнүн мурдагы падышасы Людовик XVIнын тагдырын эскертишкен. Алар бир кезде падышанын башы алынганын айтып, азыркы мамлекет башчысынын да тагдыры ушундай болушу мүмкүн деген маанидеги ураандарды кыйкырышкан.
«Макрон, Макрон, биз муну кайра кайталайбыз!» — деп кыйкырышкан митингчилер.
Ошондой эле Марсель шаарында баалардын өсүшүнө каршы чыккан демонстранттар мэриянын имаратына кирип, талкалоолорду уюштурушкан. Бул тууралуу BFMTV телеканалы кабарлады.
Нааразы болгондор Франциянын улуттук символу болгон Марианнанын бюстун жерге кулатып, телевизорлорду талкалап, дубалга анархисттик жазуу калтырышкан. Алар мэриянын кире бериш бөлүгүндө бөгөттөлүп, имараттын башка бөлмөлөрүнө кире алышкан эмес. Окуядан кийин катышуучФранцияда жашоо наркынын жана баалардын өсүшүнө каршы ишемби күнү өлкө боюнча жарым миллиондон ашык адам нааразылык акциясына катышты. Бул тууралуу BFMTV телеканалы өлкөдөгү ири кесиптик бирикме — Жалпы эмгек конфедерациясына (CGT) таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, Париж, Марсель, Ницца, Лион жана Лилль шаарларында демонстранттар менен полициянын ортосунда кагылышуулар болуп, башаламандыктар жана талкалоолор катталган.
Парижде кагылышуулар жүрүш баштала электе эле Республика аянтында башталган. Нааразы болгон адамдар дүкөндөрдү жана банкоматтарды талкалап, коомдук транспорттун аялдамаларын жана унааларды өрттөшкөн. Полиция жооп катары көздөн жаш агызуучу газ, үн гранаталарын жана суу аткычтарды колдонгон.
Митингдин катышуучулары Франциянын президенти Эммануэль Макронго өлкөнүн мурдагы падышасы Людовик XVIнын тагдырын эскертишкен. Алар бир кезде падышанын башы алынганын айтып, азыркы мамлекет башчысынын да тагдыры ушундай болушу мүмкүн деген маанидеги ураандарды кыйкырышкан.
«Макрон, Макрон, биз муну кайра кайталайбыз!» — деп кыйкырышкан митингчилер.
Ошондой эле Марсель шаарында баалардын өсүшүнө каршы чыккан демонстранттар мэриянын имаратына кирип, талкалоолорду уюштурушкан. Бул тууралуу BFMTV телеканалы кабарлады.
Нааразы болгондор Франциянын улуттук символу болгон Марианнанын бюстун жерге кулатып, телевизорлорду талкалап, дубалга анархисттик жазуу калтырышкан. Алар мэриянын кире бериш бөлүгүндө бөгөттөлүп, имараттын башка бөлмөлөрүнө кире алышкан эмес. Окуядан кийин катышуучулар качып кетишкен. Талкалоонун натыйжасында эч ким жабыркаган эмес.
Мындан тышкары, Парижде жүзгө жакын белгисиз адам Франциянын CNews телеканалынын башкы кеңсесине кол салган.улар качып кетишкен. Талкалоонун натыйжасында эч ким жабыркаган эмес.
Мындан тышкары, Парижде жүзгө жакын белгисиз адам Франциянын CNews телеканалынын башкы кеңсесине кол салган.



