Коом
Жалал-Абад облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Бүгүн, 29-сентябрда саат 13:46даЖалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 5 баллга жеткен жана Сузак районунун Көк-Жаңгак, Михайловка, Сары-Булак айылдарында 4,5 балл, Жалал-Абад шаарында 3,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.



