Пайдалуу кеңештер

Адам эмне себептен бор жегиси келет

Күтүүсүздөн бор жегиси келүү жөн гана адат эмес, ден соолуктагы айрым көйгөйлөрдүн белгиси болушу мүмкүн. Дарыгер Светлана Бурнацкаянын айтымында, мындай адат көбүнчө темир жетишсиздиги же темир жетишсиздик анемиясы менен байланыштуу.

Мындай учурда гемоглобин кыйла төмөндөй электе эле адамда бор, муз сыяктуу жегенге болбой турган нерселерге кызыгуу пайда болушу мүмкүн.

Бирок бор жегиси келүү сөзсүз түрдө кальций жетишсиздигин билдирбейт.

Дарыгердин айтымында, мындай каалоо организмге пайдалуу заттардын сиңүүсүнүн бузулушунан, катуу диеталардан, ашказан-ичеги ооруларынан же өнөкөт кан жоготуудан да пайда болушу мүмкүн. Кээде мындай көрүнүш кош бойлуулук учурунда да кездешет.

Тектеш кабарлар

Back to top button