Коом

Bishkek Arenaнын ачылышына дагы 10 миң акысыз берилет чыгарылат

Bishkek Arenaнын расмий ачылышына берилүүчү дагы 10 миң акысыз билет бүгүн саат 15:00дөн тартып ticket.gov.kg сайтында жеткиликтүү болот.

Маалыматка ылайык, аренанын расмий ачылышына жалпысынан 51 миң отургуч жана фан-зона каралган. Учурда колдонуучуларга 45 миңден ашык акысыз билет берилди.

Кезектеги партияда отургучтарга 5 миң билет жана фан-зонага дагы 5 миң билет берилет.

Bishkek Arenaнын расмий ачылышынын алкагында кыргыз эстрадасынын жылдыздары жана коңшу өлкөлөрдүн белгилүү артисттери катышкан B.A. DAY фестивалы өтөт.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, аренанын ачылышына байланыштуу расмий маалыматтар Президенттин Иш башкармалыгынын баракчасында жарыяланып турат.

Артисттердин катышуусу жана фестивалдын башка маалыматтары B.A. DAY жана Bishkek Arenaнын расмий баракчаларында этап-этабы менен жарыяланат.

Тектеш кабарлар

Back to top button